Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган эскерүү китебин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый окуяларды болгонун болгондой баяндап берген. Биз Бекназаровдун китебинен бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогон айрым урунттуу учурларын үзүндү кылып жарыялоону чечтик.

“Бакиевдик бийлик 2009-жылы 23-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү тууралу чечим кабыл алды…

2009-жылдын 25-апрелинде Арашан айылында чоң элдик курултай өткөрүп, ошол курултайда Атамбаевди бириккен оппозициядан (БЭК) жалгыз талапкер кылып жарыяладык…

Бириккен оппозициядан Атамбаевдин Президенттикке жалгыз талапкер болуп аттанганы коомчулукта кызуу талашты жаратты. Көпчүлүк Атамбаевди: «Бакиевге сатылып кеткен адам, митингге чыккан элди «баранга» теңеген адам катары эсептеп калышкан. Мындай ойдогу адамдар: «Оппозицияда Атамбаевден башка адам жокпу?» – деп, А.Артыковдон ашып курч жана каршы пикирлерин билдирип жатышты. Аттуу-баштуу эле интеллигенциянын өкүлдөрү Акаевдин доорунда: «Атамбаев Чыңгыз Айтматовго тууган боло калып (уруум кытай деп), жазуучуларга берилген 50 миллион Россиянин грантын Айтматовдон алдап алып жок кылып жибергенин, азыркы «Автомаш» баш болгон бир нече заводду, «Форум» сыяктуу объектилерди ошол акчага алганын, «Автомаштын» станокторун Турцияга чыгарып кеткенине чейин жазып чыгышты. (Бул фактылар боюнча кийин А.Жакшылыков, Б.Талгарбеков, А.Акаев ж.б. да бир нече жолу интервьюларды беришкен.)

Менин жеке пикиримде ошол мезгилдеги Кыргызстандын шартында Президенттик шайлоодо Бакиевди эч ким жеңмек эмес, жеңген күндө да, бийлик анын жеңишин бермек эмес. Бул реалдуу чындык болчу. Текебаев, Отунбаева, Байболов, Сариевдердин деле ага көзү жеткен, ошол үчүн алар шайлоого барышкан жок. Ал эми Атамбаев­дин жолу башка эле.

Анткени Атамбаев шайлоо учурунда мурдагы «грехтерин» айтып актанууга, айрым эл билбеген чындыкты айтып, өзүн өзү реабилита­ция кылганга мүмкүнчүлүк алышы келечек үчүн зарыл керек болчу.

Негизинен, БЭКтин лидерлеринин арасында Атамбаевге тең келчү (Сариев, Байболовду кошпогондо) байы жок эле, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, азыраак акча кетирсе да кийинки саясий күрөштөрдө өзүнө кенен жол ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Мен ага ушуларды айтып, ага дем берип жүрдүм. Эртеби-кечпи: «Силер мени эч перспективасы жок күрөшкө салып банкрот кылдыңар»- деп айыптабасын деп, бул жагын да эскертип жаттым. Мен аны сүрөп, шыктантып, колдогонумун себеби, БЭКтин лидерлеринин арасында БЭКке лидер болууга, келечекте Президент болууга Атамбаевде реалдуу шанс бар эле…

Эл менен жолугушууларды Жалал-Абад областынан баштоону чечтик… Кечинде Жалал-Абадга келдик. Жусуп Жээнбеков менчик мейманканадан орун алып койгон экен. Ошол жерге токтодук.

Эртеси биздин жолугушуубуз Базар-Коргондун «Акман» айылында саат 10до эле. Мен Атамбаевдин балдарына болгула, чыккыла, кеттик, – дедим. Бир аз убакыт өтпөй Болот Сүйүмбаев (Атамбаевдин жансакчы башчысы, ишенген адамы) мага келип: «Байке туалетке кирип чыкпай жатат, көп болду, ичинен жаап алыптыр» – деди. Мен барып такылдатып, чык десем үн жок. Бөлмөсүнө кирсем столдун үстүндө «Путинка» деген арактын эки бош бөтөлкөсү турат. Болоттон, бул эмне?- десем: «Түндө Жээнбеков экөө ичкен» – деди. Дагы такылдатып, үн чыкпагандан кийин, арга кетип эшикти күч менен ачтырдым. Ал унитазда олтуруп уктап калыптыр. Өзүн билбейт. Жардамчылары, Илмиянов, дагы башкалар көтөрүп чыгышты. Мен бул соо эмес ко, арак менен кошо уулантып салган эмеспи, силер эмнени карап жүрдүңөр,- деп анын жардамчы, жан сакчы, врачтарына кыйкырдым. Ал ар: «Жок ууланган эмес, көбүрөөк ичип алыптыр, байке бизди угат беле, кечинде өзүңүз көрдүңүз го» – дешти. Мен аларга эгер мас болсо тезинен соолуктургула, жолугушуу эмне болот,- дедим.

Илмияновго: — Кеттик, башка жерден соолугат, алып чыккыла, бирок мунун абалын эч ким көрбөсүн, – дедим. Өзүм эшикке чыгып Жээнбековду издесем, жок. Оюма ар нерсе кетти. Эгерде Ж.Жээнбеков экөө арак ичип мас болду дейин десем, Жээнбеков сыртта өзү басып жүрөт. Бирөөлөр уулантып койгон жокпу деген ой башымда айланып туруп алды. Алмаздын мындай абалда, өзүн билбей калганын мур­да көргөн эмесмин. Эми жолугушуу эмне болот? Бул абалында элге кантип барат деп, тынчым кетип турганда аны тигилер көтөрүп чыгышып, машинага салышты. Аларга менин артыман айдагыла деп, Базар-Коргондогу суу сактагычтын жээгине келдик. Чыдабай врачынан: – Сообу,- деп сурадым. Ал: «Өтө көп ичип алган» – деди. – Соолуктур, укол бер, элге барышыбыз керек, – десем: «Жок, баралбайт, эми көпкө өзүнө келбейт» – деди. Мен Алмазга келип: – Эй досум, кандай акывал? – десем, «Жакшы, жакшы, не дождетесь»- деп бир нерселерди булдуруктады.

Убакыт саат ондон өтүп баратат. Болотко: – Силер ушул жерде калгыла, муну соолуктургула, иши кылып эртеңки жолугушууга даяр болсун, бүгүнкү жолугушууну эптеп бүтүрөмүн,- деп Акманга кеттим. Жолдо ар шылтоону издедим. Кечигип жатат дейин десем, биздин кечээ эле келгенибизди эл билет эле. Акыры ооруп калып, врачтар карап жатат, келалбайт дегенге токтодум. Эл менен жолугушуп ошентип айттым. Ошол учурда артыман Атамбаевдин машинасы келип калды. Мен телефондон: – Эмне келдиңер, – деп Болотко чалсам: «Байке болбой коюп, айдатып келди» – деди. Анда эл билбесин тегеректеп курчап алып келгиле, эл шек албасын, – дедим.

Мен элге: – Мына ооруп, сүйлөөгө дарамети болбосо да, силерди сыйлап келиптир, – дедим. Эл ага да макул болду. Ошол учурда Д.Садырбаевдин эжеси трибунага чыгып: «Атайын биздин элге, жерге келсе, жок дегенде кыргыздын салтын кылып калпак менен чепкен кийгизип коёюн»- деп, кой дегенге болбой, өзүм кийгизем деп, артта далдаада турган Атамбаевге кийгизди. Ошол учурда ал эжеге, элге рахмат айтам деп, балдардын колунан суурулуп чыгып микрофонго өтүп кетти… Анан сүйлөдү дейсиң… Бийликтин агенттери сүрөткө, видеого тартып алганга жетишти. Мен балдарга, артка алгыла деп, аны көп сүйлөтпөй микрофонду алганга аракет жасадым. Бирок бийликке эптеп кичине сүрөткө тартып алса жетиштүү эле. Жарым саат өтпөй туш тараптан: «Атамбаев мас болуп жүрөт дейт, чынбы?» – де­ген суроолор жаай баштады. Мен элге айткан сөзүмдү бардык сурагандарга айтып, мүмкүн уулантып же окутуп коюшу мүмкүн дегенди коштум. Чындыгында эле, мен ал бир гана арак ичип мас болгон эмес, кандайдыр бир жол, же нерсе менен ууланган болуш керек деген ойдо элем. Жыйындан кийин бара турган жер жок, Жалал-Абадга кире бергендеги атактуу мантыханалардын бир бөлмөсүн алып, эч кимди киргизбей аны эсине келтирүүгө аракет жасадык.

Атамбаев ошол жерде менин колумду бекем кармап, балдары, неберелери, өзгөчө кызы жөнүндө айтып: «Алар эмне болот, карап жүр досум, мен өлөт окшойм, мен өлсөм саясий күрөштү уланткыла, менин мураскорум Бакыт Бешимов болсун, өзүң күрөштүн башында тур»- деп мураскору жөнүндө да айтып жиберди. Врачы болсо: «Бишкекке алып барып канын тазалоо керек» – деди. Бул абалда кантип Бишкекке алып кетесиңер, оболу аз да болсо өзүнө келсин, – дедим. Атамбаевдин Сузактагы кудасы эске түшүп, күйөө баласы биз менен жүрөт эле, үйүңөр кайда, – десем, Жалал-Абаддын четинде деди. Үйүңөргө баралы, ал жерде эс алсын, бул коомдук жерде көпкө калганга болбойт, – десем, атасы Бакиевдерден коркуп жатканын айтты. Ал атасы менен сүйлөшөйүн деп чыгып кетип, кайра келип макул болду. Кечке жуук биз ал куданын үйүнө бардык.

Мен Ошко С.Жээнбековго телефон чалып, болгон окуяны түшүндүрдүм. Молдолоруң болсо ала кел, Атамбаевге дем салдырып да көрүш керек, – дедим. Атамбаев таңга маал өзүнө келди. Өзү туруп эшикке чыгып келди. Мен ага: – Аз жерден Бишкекке жөнөтүп жиберейин дедим, бир нерсе болсоң дооңо каламынбы деп, деги соосуңбу досум, – деп тамашаладым. Чынында эле ага аябай боорум ооруп, аяп тургам. Кийин ал менин ушул сөзүмдү кичине бурмалап, «көзүмдү ачсам Азике досум, муну Бишкекке алып кеткиле, доого калбайлы – деп жаткан экен»- деп интервью берип жүрдү. КТР, ЖТРден бийлик Акманда тартып алууга жетишкен сүрөттү күнү-түнү көрсөтүп жатып калды. Атайын дискке жаздырып, айылдарга таркатышты. Азыр да айрым интернет сайттарга чыгарып жүрүшөт. Ушул күнгө чейин бул факты боюнча мындай майда-чүйдөсүнө чейин айтпаган элем, биринчи жолу жазып жатам. Эл чындыкты билүүсү керек. Айрымдар айткандай, «Атамбаев Жээнбеков экөө кечинде мейманканада бирге болуп, сөгүшүп, ичимдик ичиши мүмкүн, эртеси «невменяемый» абалында эл ме­нен жолугушууга келгени да чындык…

 

Источникhttp://kyrgyztoday.org/

ОТВЕТИТЬ

Введите комментарий
Введите имя

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.